Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЕАГдын 23-Пленардык жыйынынын жыйынтыгы

25-11-2015

2015-жылдын 9-ноябрынан 13-ноябрына чейин Москва шаарында (Россия Федерациясы) 23-Пленардык жыйын жана Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАГ) Жумушчу топторунун жыйындары болуп өттү. Пленардык жумалыктын ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын делегациясы катышты.

ЕАГдын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич шайланды.

Пленардык жыйын ошондой эле 2016-жылга ЕАГдын иш планын, 2016-жылга ЕАГдын иш-чаралар графигин, ЕАГдын өз ара баалоосунун 2-раундунун графигин бекитти.

Пленардык жыйындын катышуучулары ИГИЛ ишмердигине байланыштуу маселелерди карап чыгышып, мүчө мамлекеттерди ИГИЛ террористтик уюмун каржылоого каршы күрөшүүнү күчөтүүгө, ошондой эле БУУ Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларын тезирээк имплементациялоого чакырды.

Пленардык жумалыктын иш-чараларынын алкагында, терроризмди каржылоо менен байланышкан кылмыштарды тергөөдө финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого арналган ЕАГ/КМШ АТБ биргелешкен семинары болду. Семинарга Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Молдованын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Турциянын, Өзбекстандын, ошондой эле ОДКБ жана РАТС ШОСтун өкүлдөрү катышты.

Пленардык жыйындын катышуучуларынын алдына ФАТФтын Президенти Шин мырза (Корея Республикасы) чыгып сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын делегациясынын өкүлдөрү 11-ноябрда Москва шаарында болуп өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин (ФЧБЖК) 6-жыйынынын ишине катышты.

ФЧМКнын басма сөз кызматы