Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкери Ахметжанов Рустем алтын медалды жеңип алып, Таэквон-до боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн Кубогунун ээси болду.
КМШ Кубогуна таймаш 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстан Республикасынын Ак-Төбө шаарында өттү.
ФЧМКнын кызматкерлери кесиптешин эл аралык мелдештеги жеңиши жана эмгек сиңирген сыйлыктары – алтын медаль жана Шериктештик кубогу менен куттукташат.
Биз Рустем Ахметжановго спорттук карьерасында жаңы бийиктиктерди багынтышын, жаңы ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз.
ФЧМКнын басма сөз кызматы