Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бадык жеке жана юридикалык жактарга

16-01-2018

2017-жылдын 26-декабрында Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын эл аралык тизмесине БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2368 (2017) резолюциясынын 1-пунктуна ылайык активдерди бир калыпта кармап туруу, барып келүүгө тыюу салуу жана курал-жабдыктык эмбарго боюнча санкциялар жайылтылган 1 жеке жак киргизилди. Жеке жактын Эл аралык тизмедеги коду – Qdi.333.