Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Таэквон-до боюнча Шериктештик кубогу жана Кыргызстандагы жеңүүчүнүн алтын медалы

18-11-2015

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкери Ахметжанов Рустем алтын медалды жеңип алып, Таэквон-до боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн Кубогунун ээси болду.

КМШ Кубогуна таймаш 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстан Республикасынын Ак-Төбө шаарында өттү.

ФЧМКнын кызматкерлери кесиптешин эл аралык мелдештеги жеңиши жана эмгек сиңирген сыйлыктары – алтын медаль жана Шериктештик кубогу менен куттукташат.

Биз Рустем Ахметжановго спорттук карьерасында жаңы бийиктиктерди багынтышын, жаңы ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз.

ФЧМКнын басма сөз кызматы