Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЭВФ диагностикалык миссиясы Кыргызстанда

02-11-2015

2015-жылдын 30-октябрынан 6-ноябрына чейин Кыргызстанда Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү (ТК/КАК) боюнча ЭВФ диагностикалык миссиясы иштейт.

Миссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү менен бир катар иш жолугушууларын жана кеңешмелерди өткөрөт.

Кеңешмелердин жүрүшүндө ТК/КАК чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, эл аралык укуктук стандарттарды улуттук мыйзамдарга имплементациялоо маселелери боюнча Кыргызстандын көргөн чараларын талкуулоо пландаштырылууда. мындан тышкары ТК/КАК улуттук тутумун өнүктүрүүгө техникалык жардам берүү программасы каралат.

ЭВФ диагностикалык миссиясын өкүлдөрү - Кыргыз Республикасындагы ЭВФ ТК/КАК миссиясынын башчысы, ЭВФ юридикалык департаментинин финансылык секторунун улук эксперти Пол Ашин жана Эл аралык консультант, көз карандысыз эксперт Джузеппе Ломбардо.


ФЧМКнын басма сөз кызматы