Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФАТФтын жумушчу топторунун жыйындары жана Пленардык жыйыны

05-03-2018

2018-жылдын 18-февралынан 23-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы А.Дж. Кадыралиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу топтун (ФАТФ) жумушчу топторунун жыйындарына жана Пленардык жыйынына катышты.

Иш-чаралардын негизги милдеттери төмөнкүлөр болду: АА/ТКК чөйрөсүндөгү эң маанилүү маселелерди, ФАТФтын Президентинин демилгелерин кошо алып карап чыгуу жана талкуулоо, ФАТФтын методологиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча колдонмонун долбоорун иштеп чыгуу, терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча глобалдуу чараларды күчөтүү, өз ара баалоонун отчетторун жана ФАТФка катышуучу мамлекеттердин өнүгүүсүн талкуулоо.

Жыйындардын жүрүшүндө Исландиянын АА/ТКК системасынын натыйжалуулугу жана анын ФАТФтын сунуштамаларына шайкештигинин деңгээли талкууланган Исландияны өз ара баалоонун отчету каралды. Жогоруда аталган талкуулоонун натыйжасында өлкө күчөтүлгөн мониторингге түштү, ал өз кезегинде жылына бир жолу отчет берүүгө алып келет.

ФАТФтын сунуштамаларына өлкөлөрдүн техникалык шайкештигинин деңгээлин жогорулатуу боюнча бир кыйла өнүгүүнү көрсөткөн Испания менен Норвегиянын өнүгүүлөрү жөнүндө отчеттор угулду.

Босния жана Герцеговина жетишилген өнүгүүсү үчүн ФАТФтын мониторингинен чыгарылды.

Катышуучу мамлекеттер жаңы жана бир топ натыйжалуу инновациялык технологияларды окуп үйрөнүүгө жана андан ары аны Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн (ФЧБ) ишине киргизүүгө өтө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Пленардык жыйындын жүрүшүндө айрым бир ФАТФка катышуучу мамлекеттер АА/ТКК жаатында жаңы программаларды колдонуу боюнча презентацияларын көрсөтүштү.

Өз кезегинде ФАТФ ФЧБ башчыларынын болуп өткөн форумунда шектүү операциялар жөнүндө билдирүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маселелер талкууланды. Ушул форумдун катышуучулары ФЧБнын өзүнчө болуусу зарыл экендиги жана бул көз карандысыздыктын бөлүмдүн стратегиялык ишине таасир этүүсү жөнүндөгү өз пикирлери менен алмашышты. ФЧБнын жеке сектор менен өз ара аракеттенүү системасын мындан ары да жакшыртуу боюнча маселелер каралды.

Иш-чаралардын жыйынтыгында “Улуттук кызматташтык жана координация” 2-сунуштамасына оңдоолор болду.

Пленардык жыйында кабыл алынган эң негизги документтери менен чыккандар төмөнкүлөр болду:

1. ФАТФтын АА/ТКК глобалдуу шайкештик учурдагы процессинин мындан ары субъекттилери болуп саналбаган юрисдикциялар («кара» тизме);

2. Стратегиялык кемчиликтери бар юрисдикциялар («боз» тизме).

Жыйынтыгында «кара» тизме өзгөрүүсүз калды (КЭДР жана Иран), ал эми «боз» тизме болсо, Сербия менен толукталды. Бүгүнкү күндө «боз» тизмеге 9 юрисдикция кирет - Вануату, Ирак, Йемен, Сербия, Сирия, Тринидад, Тобаго, Тунис, Шри-Ланка жана Эфиопия.

Кийинки ФАТФтын Пленардык жыйыны кайрадан Париж шаарына 2018-жылдын июнь айына пландаштырылды.