Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

12-04-2018

Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин жаңыланган редакциясы жайгаштырылды(2018-жылдын 12-апрелиндеги абал боюнча).

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмесинин жаңыланган редакциясын жүктөп алуулары;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмек менен жаңылантуулары зарыл (2018-жылдын 12-апрелиндеги абал боюнча).