Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Жумушчу топтордун жыйыны жана ФАТФтын 27-Пленардык жыйыны

02-11-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы М.Т. Мамбетжанов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы 2015-жылдын 18-октябрынан 23-октябрына чейин жумушчу топтордун жыйындарына жана Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) 27-Пленардык жыйынынын ишине катышты. Жыйындын жүрүшүндө терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык бирикмелер кабыл алган чаралар ФАТФтын «Чоң жыйырмалыгы» жөнүндө отчёт даярдалып бекитилди.

Мындан тышкары «Терроризмди каржылоо кылмышы» сунуштамасына түшүндүрмө каты ага чет өлкөлүк террористтер-жоочулар тууралуу 2178 БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сунуштамасынын жоболорун киргизүү максатында кайра каралды.

Жумушчу топтун жана пленардык жыйындын жүрүшүндө «Натыйжалуу көзөмөл жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба чөйрөсүндө тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу боюнча ФАТФтын жетекчилиги» жана «Накталай акча каражаттарын кара күч менен ташуу аркылуу акчаларды адалдоо» типологиялык изилдөөсү бекитилди.

Пленардык жумалыктын алкагында Кыргызстандын делегациясы Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун Консультациялык кеңешмесине да катышты, ошондой эле ар башка мамлекеттердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

ФЧМКнын басма сөз кызматы