Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Финансылык чалгындоодо өрткө каршы коопсуздук боюнча сабак өтүлдү

25-04-2018

Бүгүн 2018-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматчылары үчүн өрткө каршы коопсуздук боюнча сабак өтүлдү.

Сабакты Биринчи май районунун өрткө каршы кызматынын алдын алуу бөлүмүнүн начальниги майор Бурул Жаныкулова өткөрдү. Ал Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары, мекемелери жана туракжай фонду үчүн өрт коопсуздугунун эрежелери менен тааныштырды. Өрткө каршы коопсуздук боюнча баштапкы чаралар жөнүндө, өрттү алдын алуу системасы, өрткө каршы коргоо системасы, өрттүн чыгуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жана өрттүн натыйжасында адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун болтурбоого багытталган өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплекси жөнүндө айтып берди.

ФЧМКнын кызматчылары ФЧМКнын имараты жана аймагы боюнча экскурсия жүргүзүштү жана майор Бурул Жаныкулованы ФЧМКнын өрткө каршы коопсуздук системасынын каражаттары менен тааныштырды.