Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

28-10-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын сайтындагы «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегинин жаңыланган редакциясы жайгаштырылган (2015-жылдын 28-октябрындагы абал боюнча).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 77/Ө буйругуна ылайык, Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегинин жаңыланган редакциясын жүктөп алуусу;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмек менен жаңылантуусу (2015-жылдын 28-октябрындагы абал боюнча);

3) тейленип жаткан бардык кардарларды жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) ФЧМКнын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 77/Ө буйругунда аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуусу зарыл.