Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы пресс-конференция өткөрдү

06-06-2018

2018-жылдын 6-июнунда «Кабар» КУМАда ФЧМКнын пресс-конференциясы өткөрүлдү. Пресс-конференция «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук системасын өз ара баалоонун жыйынтыктарына арналган.

Пресс-конференцияда ФЧМКнын төрагасы А.Дж. Кадыралиев жана ФЧМКнын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Ч.Т. Кененбаев сүйлөдү.