Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматчылары мамлекеттик тилди билүү тестин тапшырышты

15-05-2018

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомун аткаруу максатында, 2018-жылдын 14-майында Финансылык чалгындоонун кызматчылары «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде кыргыз тилин билүү тестинен өтүштү.

Тестирлөө беш субтесттен турду: лексика-грамматика, окуу, угуу, жазуу жана сүйлөө. Тестирлөөгө ФЧМКнын 17 мамлекеттик кызматчысы катышты. Тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча кызматчыларга А1, А2, В1, В2 жана С1 деңгээлдери боюнча сертификаттар берилет.