Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

25-06-2018

1. ИГИЛ, Аль-Каида жана алар менен байланышкан жактар, топтор, ишканалар жана уюмдар боюнча 1267 (1999), 1989 (2011) жана 2253 (2015) резолюциялары менен түзүлгөн БУУ Коопсуздук Кеңешинин Комитети 2018-жылдын 5-июнунда активдерин тоңдурууга, барып келүүгө тыюу салынууга жана куралдарды ташып келүүгө тыюу салынууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесине толуктоо киргизди.

Идентификациялык коду QDe.137 болгон уюм боюнча A.k.a. пунктуна төмөнкүдөй мазмундагы толуктоолор киргизилди: "a) Hay’at Tahrir al-Sham (HTS) (الشام تحرير هيئة) original script); Hay’at Tahrir al-Sham; Hay’et Tahrir alSham; Hayat Tahrir al-Sham; Assembly for the Liberation of Syria; Assembly for the Liberation of the Levant; Liberation of al-Sham Commission; Liberation of the Levant Organisation Tahrir al-Sham; Tahrir al-Sham Hay’at)".

2. "Ирак менен Кувейттин ортосундагы мамилелердеги кырдаалдар" боюнча 1518 (2003) резолюциясы менен түзүлгөн БУУ Коопсуздук Кеңешинин Комитети тарабынан 2018-жылдын 7-июнунда 1483 (2003) БУУ КК резолюциясынын 19 жана 23-пункттарында баяндалган чараларды көрүүгө жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесинен идентификациялык коду IQe.001 болгон "Central Bank of Iraq" (Ирактын Борбордук Банкы) уюму чыгарылды.

3. Ливия боюнча 1970 (2011) резолюциясы менен түзүлгөн БУУ Коопсуздук Кеңешинин Комитети тарабынан 2018-жылдын 7-июнунда активдерин тоңдурууга, барып келүүгө тыюу салынууга жана Ливиядан мунайды жана мунай өнүмдөрүн мыйзамсыз экспорттоо аракеттерине карата башка чараларды көрүүгө жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Тизмеге киргизилген жактардын идентификациялык коддору: LYi.021, LYi.022, LYi.023, LYi.024, LYi.025, LYi.026.