Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

​ФЧМКнын эки кызматчысы магистрдик диссертацияларын жакташты

05-07-2018

2018-жылдын 11-14-июнь аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында эки жылдан бери Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун стипендиаттары болуп саналган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматчылары магистрдик диссертацияларын жакташты.

Ушул жактоонун алкагында биринчи жолу төмөнкүдөй темалардагы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иштер көрсөтүлдү:

  • Акчаларды адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жакшыртуу.
  • Улуттук коопсуздукту бекемдөөдө терроризмди/экстремизмди каржылоого жана жалданмачылыкка каршы аракеттенүүдөгү Кыргыз Республкасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ролу.

Жогоруда аталган иштер Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жогору баалангандыгын жана эң мыкты иштердин бири болуп таанылгандыгын белгилей кетүүбүз абзел.