Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 6-июлундагы № 466 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Анарбаев Гуламжан Сатыбалдиевич дайындалды.
Бүгүн, 2018-жылдын 6-июлунда ФЧМКнын жаңы дайындалган төрагасын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жениш Разаков ведомствонун жамаатына тааныштырды.
ФЧМКнын басма сөз кызматы