Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Япониянын ФЧБсы менен КА/ТКК чөйрөсүндө кызматташуу

26-10-2015

26.10.2015-ж. Бишкек

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Япониянын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы «Кызматташуу жөнүндө биргелешкен арызга» кол коюлду.

Эки өлкөнүн ФЧБларынын эки тарапка тең пайдалуу кызматташуусу тең укуктуу негизде жана өнөктөштүк мамиледе түзүлдү жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маалыматтарды кенен алмашууну болжолдойт.

ФЧМКнын басма сөз кызматы