Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

24-07-2018

Ирак боюнча 1518 (2003) резолюциясы менен түзүлгөн Коопсуздук Кеңештин Комитети 2018-жылдын 23-июлунда Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын VII главасынын негизинде кабыл алынган Коопсуздук Кеңешининин 1483 (2003) резолюциясынын 19 жана 23-пункттарында баяндалган активдерин тоңдурууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесинен төмөнкү жактарды алып салууну жактырды:

Уюмдар: 1. IQe.066. Аталышы: ТАМЕКИ МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАСЫ

2. IQe.079. Аталышы: «МОСУЛ КАНТ» МАМЛЕКЕТТИК КОМПАНИЯСЫ

3. IQe.124. Аталышы: СҮТ АЗЫКТАРЫ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНА

4. IQe.145. Аталышы: ӨСҮМДҮК МАЙЛАРЫ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНА.

Толугураак маалыматты www.un.org/sc/suborg/en/sanctions/1518/пресс-релиздер дареги боюнча Комитеттин веб-сайтынын «Пресс-релиздер» бөлүмүнөн табууга болот. .