Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жамааты Мунжурова Оксана Аманатовнанын кайрылуусуна жооп берип, анын төрт жарым жаштагы кичүү уулу Султаналиев Дастанга жардам берди.
Султаналиев Дастанга врачтар 4-даражадагы эки тараптуу нейросенсордук кереңдик диагнозун коюшкан. Ага кымбатка туруучу операция - кохлеарная имплантация керек болгон. Операциянын наркы 25-35000 АКШ долларын түзөт.
Жардам ФЧМКнын кызматкерлери тарабынан өз ыктыярлары менен чогултулду. ФЧМКнын жамааты, ошондой эле жүрөк чакырыгы менен, Улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Бишкек социалдык - стационардык мекемесине жардам көрсөттү. Жамаат чогулткан каражатка төмөнкүлөр сатылып алынды:
Комнаталар аралык кулпулар 7 дн. - 3 150 с;
Шейшеп, жаздык тыш 4 комплект - 3 800 с;
Орундуктар 5 дн. - 4 000с;
Колдонулган кийимдер 25 кг.
Бардык сатып алынган нерселер бекер жардам катарында, Абай 93 көчөсүндө жайгашкан, Бишкек шаарынын аталган карылар үйүнө берилди.
ФЧМКнын басма сөз кызматы