Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЭВФ миссиясы менен жолугушуу

30-09-2015

23.09.2015

Бишкек шаары

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы М.Т. Мамбетжанов Эдвард Джэмайэль жетектеген ЭВФ миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

ФЧМКнын башчысы Эл аралык валюталык фонд менен кызматташуу маанилүү экендигин белгилей кетти жана мындан ары өнөктөштүктү чыңдоо керектигин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде 2015-жылдын июнунда болуп өткөн Топикал Траст Фондунун алкагындагы ЭВФнын КА/ТКК Диагностикалык Миссиясынын жыйынтыктарына тиешелүү маселелерди да, ошондой эле анда козголгон кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (КА/ТКК) менен байланышкан айрым маселелерди талкуулашты. ЭВФ миссиясынын өкүлдөрү 2015-жылдын 28-июлундагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынан кабардар болушту.

Тараптар ошондой эле 2015-жылдын 19-мартында КР ЖК тарабынан кабыл алынбаган «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун КР ЖК кароосуна кайрадан киргизүү ниетин жана мөөнөтү тууралуу ЭВФнын катын талкуулашты, 2016-жылы Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ (ЕАГ) тарабынан Кыргыз Республикасынын өз ара баалоонун кезектеги раундун өткөрүүнүн перспективаларын карап чыгышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди адалдоо жагдайлары каралды жана бул көрүнүшкө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдардын иштери белгиленди, ошондой эле ФЧМКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери, тактап айтсак, иштин күндөн күнгө көбөйүшүнө ж.б. байланыштуу ФЧБнын штаттык санын жана кызматчылардын маянасын көбөйтүү маселелери талкууланды.

ЭВФ миссиясынын башчысы Эдвард Джэмайэль ЭВФ ФЧМК менен кызматташууну жана Топикал Траст Фондунун алкагында техникалык көмөк көрсөтүүнү, анын ичинде «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун илгерилетүүнү жана келечекте КА/ТКК чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарын ФАТФтын сунуштамаларына туура келтирүү үчүн жакшыртууну уланта берүү ниетинде экендигин белгиледи.

ФЧМКнын басма сөз кызматы