Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

24-08-2018

Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегинин жаңыланган редакциясы жайгаштырылды (2018-жылдын 24-августундагы абал боюнча).

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:

1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегинин жаңыланган редакциясын жүктөп алуулары;

2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмек менен жаңылантуулары (2018-жылдын 24 - августундагы абал боюнча);

3) тейленип жаткан бардык кардарларын жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.