Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

13-09-2018

Ливия боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети 2018-жылдын 11-сентябрында Активдерин тоңдурууга жана сапарга чыгууга тыюу салынууга жаткан жеке жана юридикалык жактардын тизмесине төмөнкү жеке жакты киргизүүнү жактырды:

Идентификациялык коду: LYi.027 Аты жана фамилиясы: 1: Ибрагим 2: Саид 3: Салим 4: Джадхран. Туулган датасы: 1982. Жарандыгы: Ливия. Башка маалымат: Апасынын аты – Салма Абдула-Юнис.

1970 резолюциясынын (сапарга чыгууга тыюу салуу, активдерин тоңдуруу) 15 жана 17- пункттарынын негизинде тизмекке киргизилди.

Акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар токтоосуз тейленип жаткан бардык кардарларын, алардын контрагенттерин жана бенефициардык ээлерин (бар болсо) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.