Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын жетекчилиги менен Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Моника Иверсендин жолугушуусу болду

20-09-2018

2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ФЧМК) имаратында ФЧМКнын төрагасы менен тийиштүү кызматчыларынын Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Иверсен Моника менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук системасын өз ара баалоонунактуалдуу маселелери, ошондой эле ФЧМКга мүмкүн болгон техникалык жардам көрсөтүү тууралуу маселе талкууланды.

Жолугшуунун аягында Моника Иверсен айымга ыраазычылык билдирилди.