Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына 10 жыл болду

08-09-2015

Мындан туура он жыл мурун, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасына финансылык укук бузууларга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы эл аралык күрөшүүнүн тең укуктуу жана активдүү катышуучусу деп атаганга толук негизде мүмкүнчүлүк берген маанилүү процесстердин башталышына жол салынган. Бүгүн Кызмат түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгын гана белгилебестен, республикада Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүүнүн улуттук тутумунун түзүлүү башатын жана өнүгүүсүн белгилөөдө.

КА/ТКК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши, өткөн 10 жыл ичинде Кыргызстандын КА/ТКК улуттук тутуму калыптануу фазасын ийгиликтүү басып өтүп, активдүү иштөө жана жакшыртуу стадиясына өткөндүгүн далилдеп турат.

КА/ТКК улуттук тутуму финансылык кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык тутумунда ыңгайлашуу боюнча кыйын экзаменди ийгиликтүү бере алды. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы КА/ТКК улуттук тутумунун базалык негизин түзүүчү бардык мамлекеттик органдар жана уюмдар менен биргеликте бардык ага коюлган функцияларды жана милдеттерди толук аткарууга даяр жана аткарып келет.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын түзүлгөн күнүнөн баштап 10 жыл ичинде ФЧБнын ишинин негизги багыттары жана КА/ТКК улуттук тутумунун өнүгүү перспективалары аныкталды, финансылык укук бузуулар менен күрөшүүнүн стратегиялары иштелип чыкты, тең укуктук негизде чет өлкөлүк өнөктөштөр жана кесиптештер менен айкалышкан өз ара мамиле курулду.

Анча көп эмес мезгилдин аралыгында Кыргызстанда ФЧМКнын ишинин укуктук негизи гана эле эмес, КА/ТККнын бардык улуттук тутумунун ченемдик-укуктук базасы түзүлдү. Анын ичинде укуктук актыларды айкалыштыруу жана КР мыйзамдарын эл аралык талаптарга жана ФАТФтын стандарттарына туура келтирүү боюнча көлөмдүү жана оор ченем жаратуу иши жүргүзүлдү. Бул Кыргызстанга Евразиялык топ жана Эгмонт тобу сыяктуу эл аралык жана регионалдык уюмдардын толук укуктуу мүчөсү болууга жол берди.

Акыркы үч жыл ичиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши жана КА/ТКК улуттук тутумунун өнүгүүсүнүн динамикасын талдоо, ушул түзүлгөн түзүмдүн жарамдуулугунун ишенимдүүлүгүн жана жогорку деңгээлде экендигин далилдейт.

Кыргызстан 2007-жылдын февраль айында биринчилерден болуп эл аралык стандарттарга туура келүүсүн ЕАГдын алкагында өз ара баалоо жол жобосун өттү. Ал Кыргызстандын ФЧБсы да, КА/ТКК улуттук тутуму да өздөрүнүн өнүгүүгө болгон эң алгачкы кадамдарын жаңыдан жасап жаткан мезгили болчу. Ал КА/ТКК чөйрөсүндө азыркы түзүмдөрдүн калыптануу мезгили, ФЧМКнын ишинин стратегияларын түзүү жана укуктук негиздеринин түзүү мезгили болчу. ЕАГдын өз ара баалоосунун биринчи раундунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы ЕАГдын күчөтүлгөн мониторингдөө режиминде болуп, ФАТФтын “боз” тизмеси деп аталган тизмеге киргизилген. Акыркы жылдардагы кемчиликтерди жоюу жана улуттук мыйзамдарды эл аралык укуктук инструментарийлерге, а эң башкысы ФАТФтын сунуштамаларына туура келтирүү боюнча күчөтүлгөн жана активдүү иштер өзүнүн оң натыйжасын берди – Кыргыз Республикасы ЕАГдын күчөтүлгөн мониторингдөө режиминен чыгарылып жана “боз” тизмеден алынып салынды.

Бүгүнкү күндө ФЧМКнын алдында өтө эле актуалдуу милдеттердин тизмесинде КА/ТКК чөйрөсүндө укуктук негизди мындан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу маселелери, экстремизмди жана терроризмди каржылоо менен күрөшүүнү жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүүнү күчөтүү маселелери, жана да акыркы орунда десек жаңылышабыз, Кыргыз Республикасынын КА/ТКК улуттук тутумун алдыда турган ЕАГдын алкагындагы өз ара баалоонун экинчи раундуна даярдоо маселелери турат.

2015-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ФЧМК) салтанаттуу чогулуш өткөрүүчү залында Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо бөлүмүнүн түзүлгөнүнө 10 жыл толгондугуна арналган салтанаттуу чогулуш болду. ФЧМКнын төрагасы М.Т. Мамбетжанов ФЧМКнын кызматчыларын 10 жылдык юбилейи менен куттуктап, айырмаланган жетекчилерге жана ФЧМКнын кызматчыларына ФЧМКнын юбилейлик ведомстволук медалдарын, ардак грамоталарын жана грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле ведомстволук медалдар менен Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн Аппаратынын жана Президенттин Аппаратынын жетекчилери, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери сыйланды.

10 жылдык юбилейге ФЧМКнын төрагасынын атына М.Т. Мамбетжановго Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ведомстволор аралык кызматташуу уюмуна ФЧМКнын жамааты зор салымын кошкон чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин атынан куттуктоо каттары келип түштү.


ФЧМКнын басма сөз кызматы