Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстандын системасын өз ара баалоонун 2-раундуна даярдоо боюнча ЕАГдын семинары

26-08-2015

24-августтан 26-августка чейинки мезгилде Бишкек шаарында Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАГ) алкагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (КА/ТКК) боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалоонун 2-раундуна даярдоо боюнча семинар өттү.

Бул семинардын негизги милдеттери төмөнкүлөр болду:

1) Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарын жана жеке секторлорду өз ара баалоонун процесси менен тааныштыруу;

2) Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн өз ара баалоо процессин түшүнүүсүнө жетишүү (маалыматты берүү боюнча талаптар, суроолорго жооптор ж.б.);

3) Өз ара процессине катышуучу Кыргыз Республикасынын командасын түзүүгө жана натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшүү;

4) Өз ара баалоого чейин жана анын жүрүшүндө ЕАГ Катчылыгы менен натыйжалуу иш байланышын түзүү.

Бул семинар Бишкек шаарындагы ЕККУ Борборунун техникалык көмөктөшүүсү аркылуу ЕАГдын Катчылыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Аталган семинарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын 21 кызматчысы, жеке секторлордун (бизнес-биримдиктеринин жана КЭУ) 23 өкүлү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 16 жетекчиси катышты.

КА/ТКК боюнча Кыргыз Республикасынын тутумун өз ара баалоонун 2-раунду 2016-жылы боло тургандыгын белгилей кетүүбүз абзел.