Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

10-10-2018

1) 1970 (2011) резолюциясы менен түзүлгөн Ливия боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети 2018-жылдын 11-сентябрында Активдерин тоңдурууга жана сапарга чыгууга тыюу салынууга жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесине төмөнкү жеке жакты киргизди:

LYi.027 Аты: 1. Ibrahim 2. Saeed 3. Salim 4. Jadhran

2) "Ирак менен Кувейттин ортосундагы мамилелердеги кырдаал" 1518 (2003) резолюциясы менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитети 2018-жылдын 19, 24, жана 28-сентябрында 1483 (2003) БУУ КК резолюциясынын 19 жана 23-пункттарында баяндалган чараларды көрүүгө жаткан жактардын жана уюмдардын тизмесинен төмөнкү уюмдарды чыгарды:

IQe.190 Аталышы: STATE COMPANY FOR ELECTRICAL INDUSTRIES;

IQe. 126 Аталышы: STATE ENTERPRISE FOR DRUG INDUSTRIES;

IQe. 057 Аталышы: IRAQI FAIRS ADMINISTRATION;

IQe. 143 Аталышы: STATE ENTERPRISE FOR SHOPPING CENTRES;

IQe. 187 Аталышы: STATE TRADING COMPANY FOR CONSTRUCTION MATERIALS.

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар:

1. Өздөрүнүн маалымат базаларын жогоруда аталган БУУ ККнын Жыйынды санкциялык тизмеги мененжаңылантуулары (2018-жылдын 10-октябрындагы абал боюнча);

2. Тейленүүдө турган бардык кардарларын, алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (болсо) БУУ ККнын Жыйынды санкциялык тизмегинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.