Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын төрагасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн жетекчисинин эки тараптуу жолугушуусу болду

18-10-2018

2018-жылдын 18-октябрында Париж шаарында (Франция) өткөрүлгөн ФАТФтын жумушчу топторунун жыйындарынын жана Пленардык жыйынынын алкагында ФЧМКнын төрагасы Г.С. Анарбаев менен Бириккен Араб Эмираттарынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн жетекчиси Али Файзал Баалавинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө жана терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери талкууланды.