Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЕАГдын баалоочу эксперттеринин семинары

21-08-2015

2015-жылдын 17-августунан 21-августуна чейин Ыссык-Көлдүн жээгинде Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун камкордугунда бул регионалдык топко мүчө мамлекеттердин (Белоруссия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) баалоочу эксперттери жана аналитик эксперттери үчүн окутуучу семинар болот.

Семинар КА/ТКК улуттук тутумунун финансылык кылмыштуулук менен күрөшүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына туура келүүсүн өз ара баалоонун алдыда турган жаңы циклине катыша турган баалоочу эксперттерди кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Финансылык мониторингдөө эл аралык окуу-методикалык борборунун катышуусу менен, ошондой эле Бишкек шаарындагы ЕККУ борборунун техникалык колдоосу менен өтөт. Окутуучу семинардын экинчи этабы 2015-жылдын 24-августунан 26-августуна чейин Бишкек шаарында өтөт. Анын ишине катышууга Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын, банктык жана банктык эмес секторлордун өкүлдөрү чакырылган.

Бул окутуунун максаты – 2016-жылы Кыргызстанда болуучу өз ара баалоодон өтүүгө Кыргыз Республикасынын КА/ТКК улуттук тутумунун өкүлдөрүн даярдоо.