Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин 12-жыйыны

17-11-2018

2018-жылдын 14-ноябрында КМШнын Аткаруучу комитетинде (Минск ш., Беларусь Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин (ФЧБЖК) 12-жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын финансылык чалгындоолору, КМШнын Аткаруучу комитетинин өкүлдөрү катышышты.

Индиянын финансылык чалгындоо бөлүмүнүн директору Ш.П. Мишра байкоочу катарында катышты.

Жыйындын жүрүшүндө финансылык чалгындоолордун жетекчилери жана эксперттери КМШ мейкиндигинде акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди азайтуу маселелерин талкуулашты.

Азыркы мезгилде Кеңештин демилгеси боюнча кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө КМШнын алкагында Келишимдин жаңы редакциясы иштелип чыкты жана мамлекеттер аралык макулдашуунун акыркы этаптарынан өтүүдө.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Кеңештин катышуучулары КА/ТК үчүн электрондук төлөм системаларын колдонууну алдын алуу жана криптовалюталардын жүгүртүлүшү боюнча аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында электрондук төлөм системаларын жөнгө салуу үчүн бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууну талкуулашты.

ФЧБЖКнын чечимине ылайык ФЧМКнын төрагасы Г.С. Анарбаев «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешине 5 жыл» юбилейлик эстелик медалы менен сыйланды.