Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

30-06-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 50/Ө буйругуна ылайык, ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндө төмөнкү жаңыланган редакциялар жайгаштырылган:

1) ФАТФтын сунуштамаларын колдонбогон же жетисиз деңгээлде колдонгон жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышпаган мамлекеттердин жана аймактардын тизмеги;

2) Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жана аймактардын тизмеги.

Жогоруда аталган Тизмектер маалымат берүүчү жактар жана көзөмөлдөө органдары тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдигинин деңгээлин (даражасын) баалоодо, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген, Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерине коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жобого тиркеме болгон Тобокелдик деңгээлин (даражасын) баалоонун типтүү критерийлерине ылайык өлкөлүк же географиялык тобокелдикти баалоодо колдонушат.