Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

«Бажы кылмыштуулугу менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү» аттуу темадагы окутуучу семинар

29-06-2015

2015-жылдын 29-июнунан 3-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-методикалык борборунун базасында «Бажы кылмыштуулугу менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү» аттуу окутуучу семинар өткөрүлөт.

Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын кызматчыларынын квалификациясын жогорулатууга жана алардын бажы кылмыштуулугу менен күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелерин заманбап келтирүүгө багытталган бул семинар Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын регионалдык долбоорунун жана Бишкек шаарындагы ЕККУ борборунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулду.

Семинарга Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрү катышат, анын ичинде:

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын;

• Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын;

• Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын;

• Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын;

• жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын.

Бүгүн БУУ БКБнын программалык офисинин башчысы - Федулов Александр Викторович жана Бишкектеги ЕККУ борборундагы элчинин орун басары - Джон Макгрегор катышкан семинардын ачылышы болду. Курстун аягында семинардын угуучуларына сертификаттар тапшырылат.

ФЧМКнын басма сөз кызматы