Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Баардык жеке жана юридикалык жактарга

13-12-2018

Түштүк Судан боюнча 2206 (2015) резолюциясы менен түзүлгөн БУУ КК Комитети тарабынан 2018-жылдын 21-ноябрында тизмеге төмөнкү жак боюнча оңдоолор киргизилди:

- SSi.001 Аты 1: GABRIEL 2: JOK RIAK 3: MAKOL

Кызмат орду: Генерал - лейтенант

Аталышы: Судандын мурунку Элдик-боштондукка чыгаруучу армиясы, Коргоо күчтөрүнүн начальниги

Т.д. 01.01 1966

Туулган жери: Судан

Төмөнкүдөй ат менен белгилүү:

a) Gabriel Jok b) Jok Riak c) Jock Riak

Жарандыгы: Судан

Паспорт: Судан номери D00008623

ID- M6600000258472

Дареги:

a) Unity State, South Sudan b) Wau, Western Bahr El Ghazal, South Sudan

Тизмеде 1.07.2015 (21.11. 2018 оңдоолор киргизилген)

Башка маалымат: 2018-жылдын 2-майында Коргоо аскерлеринин начальниги катарында дайындалган. 2013-жылдын январынан тартып негизинен Юнити штатында иштеген Сектор Бир СПЛАда командалык кылган. Сектор Бир СПЛАда командир катары ал Согуш аракеттерин токтотуу жөнүндө макулдашууну бузуу аркылуу Түштүк Судандагы конфликтти кеңейткен же узарткан. СПЛА бул Батыш жарым шарынын иштери боюнча Кеңеш (БЖИК) тарабынан кайрадан тастыкталган жана МОВР байкоо жана текшерүү механизминин ишине тоскоолдук кылган, 2014-жылдын январындагы Атышууларды токтотуу жөнүндө макулдашууну жана Түштүк Судандагы кризисти чечүү жөнүндө 2014-жылдын 9-майындагы Макулдашууну бузууну кошо алганда, Түштүк Судандын конфлигин кеңейтүү менен алектенген Түштүк Судандын аскер бөлүмү болуп саналат.

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар дароо:

1) өздөрүнүн маалымат базаларын жогоруда аталган Тизмек менен жаңылантуулары (2018-жылдын 13-декабрындагы абал боюнча);

2) тейленип жаткан баардык кардарларын жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) БУУ ККнын Жыйынды санкциялык тизмегинде аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуулары зарыл.