Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Эгмонт тобунун 23-Пленардык жыйыны

19-06-2015

2015-жылдын 7-июнунан 12-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы М.Т. Мамбетжанов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Эгмонттун финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн эл аралык тобунун 23-пленардык жыйынынын ишине катышты.

Жыйындын жүрүшүндө кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого эл аралык каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эң негизги маселелер каралды жана талкууланды, бар болгон жаза иштеринин алкагында маалыматтарды алмашуу тармагында тараптардын жардам берүүсү жөнүндө сүйлөшүп бир пикирге келишкендикке жетишишти.

Пленардык жумалыктын алкагында, Кыргызстандын делегациясы, натыйжасында Нигерия Республикасынын, Шри-Ланканын жана Бангладеш Эл Республикасынын ФЧБсы менен КА/ТКК чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдарга кол коюлган бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

ФЧМКнын басма сөз кызматы