Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЭВФдин диагностикалык миссиясы Кыргызстанда

16-06-2015

2015-жылдын 15-26-июндарында Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча ЭВФдин диагностикалык миссиясы Кыргызстанда иштейт.

Миссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын өкүлдөрү менен бир катар иш жолугушууларын жана кеңешмелерди өткөрөт.

Кеңешмелердин жүрүшүндө КА/ТКК чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлгөн чаралар, эл аралык укуктук стандарттарды улуттук мыйзамдарга имплементациялоо маселелери талкууланат, ошондой эле КА/ТКК улуттук тутумунун өнүгүүсүн техникалык колдоо программалары каралат.

ЭВФдин диагностикалык миссиясын өкүлдөрү төмөнкүлөр: Кыргыз Республикасындагы ЭВФ КА/ТКК миссиясынын башчысы Пол Аршин – ЭВФдин юридикалык департаментинин финансылык секторунун улук эксперти, Джузеппе Ломбардо – Эл аралык консультант, көз карандысыз эксперт, Антон Даниленко – Эл аралык эксперт, Даина Васерман - Финансылык эксперт.

ФЧМКнын басма сөз кызматы