Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЕАГдын кезектеги пленардык жумалыгы Ташкент шаарында болуп өттү

29-05-2015

2015-жылдын 18-майынан 22-майына чейин Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) 22-Пленардык жыйын жана Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАГ) жумушчу топторунун жыйындары өттү.

Иш-чарага ЕАГга мүчө мамлекеттердин делегациялары: Беларусия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан, ошондой эле ЕАГдагы байкоочу мамлекеттердин жана уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Кыргызстан ЕАГдын Пленардык жыйынында ТК/КАК чөйрөсүндө тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү жана колдонулуучу ыкмалар жөнүндө маалымат берди.

ЕАГдын 22-Пленардык жыйынынын натыйжалары боюнча элге жарыя кылуу кабыл алынды.

ФЧМКнын басма сөз кызматы