Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

25-05-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын расмий сайтындагы «Тизмектер» бөлүмүндө Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын эл аралык тизмегинин жаңыланган редакциясы жайгаштырылган (2015-жылдын 25-майындагы абал боюнча).

ФЧМКнын 2015-жылдын 25-майындагы № 38/Ө буйругуна ылайык, Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегинен төмөнкү адам чыгарылды - ABDUL RAHIM AL-TALHI.

Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын расмий сайтындагы «Тизмектер» бөлүмүнөн «Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын эл аралык тизмегин» дароо жүктөп алып, өздөрүнүн маалыматтар базасын жаңылантуусу (2015-жылдын 25-майындагы абал боюнча) же ушул Тизмекти кагаз бетине басып чыгаруусу зарыл.