Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Үстүбүздөгү жылдын 29-майында Россия Федерациясынын Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү (мындан ары - ФЧБ)

04-06-2019

Үстүбүздөгү жылдын 29-майында Россия Федерациясынын Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү (мындан ары - ФЧБ)

Отурумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Армениянын өкүлдөрү катышышты.

Ошондой эле жолугушууга КМШнын аткаруу комитетинин, Индиянын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин катчылыгы, Финансылык мониторинг эл аралык окуу-усулдук борбору, Шериктикке катышкан мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюро, КМШ өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборунун, Чек ара аскерлеринин Кол башчылар Кеңешинин Координациялык кызматынын, Салыктык (финансылык) териштирүү органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин курамынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун өкүлдөрү чакырылган.

ФЧБнын жетекчилеринин кеңеши он маселени карап чыгышты. Алардын ичинде-кылмыштуу кирешелерди легализациялоону алдын алуу, терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү, КМШ өлкөлөрүнүн финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосунда маалымат алмашуу системасын түзүү жана пайдалануу.

Мындан тышкары, жолугушууда криптовалюталарды өндүрүү жана жүгүртүү темалары, 2019-2023-жылдарга кылмыштуулука каршы күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын Мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу боюнча, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү билим берүү боюнча базалык уюмдун иши жана башка бир катар маселелер каралды.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин кезектеги отуруму, 2019-жылдын ноябрь айында Ашхабад шаарында өткөрүлүүсү пландалууда.