Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

КМШ ФЧБ ЖКнын пресс-релизи

15-05-2015

Маселе тарыхы

2012-жылдын 5-декабрында Ашхабадда КМШга катышуучу мамлекеттердин ФЧБ жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Россия Федерациясынын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Украинанын жана Тажикстандын президенттери документке кол коюшту. Макулдашуу долбоору керектүү болгон эксперттик талкуудан өтүп, 2012-жылы апрелде КМШнын тышкы иштер министрлер кеңеши тарабынан жактырылган. 22-майда Минскте КМШга катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин уюштуруу жыйыны болду. Ошондой эле 2013-2014-жылдарга Кеңештин төрагасы - Беларусия Республикасынын өкүлү шайланды.

Өлкөнүн белгиленген Регламентине ылайык, төрага алфавиттик тартипте бир жылдык мөөнөткө шайланат. Кеңештин биринчи жыйыны 2013-жылдын ноябрында Ашхабадда (Түркмөнстан Республикасы) өтүлө турган болуп чечилди. Ушул эле жыйында Кеңештин Катчылыгынын функцияларын туруктуу негизде Россия Федерациясынын Финансылык мониторинг боюнча Федералдык кызматы жүзөгө ашыра тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. Кеңештин Катчылыгынын жетекчиси болуп Росфинмониторингдин өкүлү дайындалды.

Кеңештин негизги милдеттери:

  • кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
  • улуттук мыйзамдардын дал келүүсүнө бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга көмөктөшүү;
  • кызматташуунун укуктук базасын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн сыяктуу эле, башка компетенттүү органдардын да өз ара аракеттенүүсүн айкалыштыруу

Мындан тышкары, ФЧБ ЖК Кеңешинин ишмердиги финансылык чалгындоолордун биргелешкен иш-чараларын, маалыматтарды тез алмашууну, кадрларды даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну ишке ашырууга багытталган. Кеңештин эң башкы жана түздөн-түз функциясы – КМШ мейкиндигинде финансылык чалгындоо кызматташтыгын камсыздоо, КА/ТКК улуттук тутумдарын бекемдөө, ошондой эле ушул тармакта эл аралык стандарттарды жайылтуу.

Стратегиялык перспективада, эксперттердин ою боюнча, КМШ ФЧБ жетекчилер кеңешин түзүү, Кызматташтыктын тармактуу кызматташуу органы катары, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларынын туруктуу теңдемделген экономикалык өсүшүн жана өнүүсүн камсыздоого көмөктөшүү жана субъекттерди алардын легалдуу секторлорун акча каражаттарын адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин жана коркунучтарын таап чыгуу, алдын алуу жана жок кылуу аркылуу маселелерин чечүүгө чакырат.

Учурдагы КМШнын финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн башчылар кеңешинин 5-жыйынынын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген ондон ашык маселелер каралат. Анын ичинде төмөнкү маселелер да каралат:

  • кылмыштуу кирешелерди легализациялоону жана терроризмди каржылоону алдын алуу чөйрөсүндө тобокелдиктерди жана коркунучтарды баалоо боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө;
  • ФЧБлар ортосунда маалымат алмашуу тутумун түзүү жөнүндө;
  • КМШ ФЧБнын жетекчилер кеңешинин жумушчу органы жана башкалар жөнүндө.

Келерки жылга ФЧБ ЖКдагы төрагалык Кеңештин 5-жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт.

ФЧМКнын басма сөз кызматы