Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Апа мени менен сүйлөшчү...

14-05-2015

2012-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Өлкөнүн Президентинин Жарлыгына ылайык Энелер Күнү майдын үчүнчү жекшембиси деп белгиленди.

Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө, Кыргызстан байыркы эл аралык салт Энелер Күнүн майрамдоого кошулганын көрсөтөт. Энелер күнү 1914-жылы майда, жүз жыл мурун расмий майрам болуп калган. Эфиопияда бул үй-бүлөлүк майрамды эреже катары бир канча күн майрамдашат, анткени алар энелерге чындыгында алар канчалык татыктуу болгондой, ошончолук көңүл бөлүү жана сыйлоо көрсөтүү бир күндүн ичинде мүмкүн эмес деп ишенишет.

Энелер Күнү чоң маанидеги жүктү көтөрөт, ал бизге бул жалган дүйнөдө кимге жана эмне менен милдеттүү экенибизди эскертет. Жашоо, дем алуу, көрүү жана угуу бактысына, жер иштерине, көркөм өнөр жаратууга, илимий ачылыштарга, космосту өздөштүрүүгө, Ата мекенди коргоого жана адамзаттын тукумун улантууга тиешеси бар бактылуулук - мунун баары үчүн биз, аты Эне деген аялга милдеттүүбүз.

Дүйнөдөгү ыйык, эң кайрымдуу жана баалуу сөз - бул Апа. Адам жашоосундагы бардык жакшылыктар мына так ушул сөз менен байланыштуу - сүйүү жана берилгендик, назиктик жана кайрымдуулук, өз жанын аябоочулук жана ишенимдүүлүк. Баланы коргоочу жана тарбиялоочу аялдын энелик дарамети, күчтүк жана акыл-ой мүмкүнчүлүгү ченелгис жана чексиз.

Көпчүлүк учурда өзүбүздүн жашообузда, күнүмдүк турмушта, бир паста пайда боло калуучу маселелердин түгөнгүс айлануусунда, мамлекеттик иштерди жана жеке проблемаларды чечүү менен, бизнес долбоорлорду ишке ашыруу жана кесиптик көндүмдөрдү жакшыртуу менен, биз түбөлүктүн туруктуу мыйзамдары жөнүндө, аты Апа деп аталуучу, биз өзүбүздүн туулганыбызга милдеттүү болгон, ошо жалгыз аялдын алдында, өзүбүздүн уулдук жана кыздык милдетибизди унутуп калабыз.

Кыргызстандын өз алдынча өнүгүүсүнүн чейрек кылымы, бүт ушул жылдар бою көр турмуштун айынан биздин энелерибиз биздин жашообуздун көлөкөсүндө, кечирилгис жана кемсинткен экинчи планда калгандыгын айдан ачык көрсөтүп отурат. Бир кездеги «Баатыр Эне» Ардактуу наамы билинбестен өзүнөн өзү эле унутула баштады, тажатылып же азыркы тил менен айтканда коомдук көз карашта түшүп кетти. Конституция жөнүндө, инвестициялар жөнүндө, алтын кендеринин запастары жөнүндө, базар проблемалары жана финансы проблемалары жөнүндө, каршы туруулар жана революциялык өзгөрүштөр жөнүндө токтоосуз ойлой берген коом акырындап Эне алдындагы жаратылыш сезимин жана ыйык милдетин жоготту. Базар цивилизациясынын одоно прагматизми тилекке каршы, аты Эне деп аталуучу, жер жүзүндөгү ыйыктык жана түбөлүктүүлүк алдында адамдын руханий байлыктарын, моралдык милдеттерин арткы планга жылдырат.

Ошондуктан Энелер Күнү, баарынан мурда, аларга биздин кирешебиздин, жогорку кызмат ордубуздун кереги жок, аларга биздин көпчүлүккө таанылуубуздун жана атак даңкыбыздын кереги жок болгон биздин энелерибиз жаныбызда жашарын эскертип туруу катары бизге керек. Аларга биздин бир аз көңүл бурганыбыз жана кайрымдуулугубуз, кыска жолугушуубуз анын ичинде жашоо жана биздин ийгиликтерибиз жөнүндө жөнөкөй сүйлөшүүлөрүбүз жетет.

Күнүмдүк турмуштун айынан тынымсыз алпуруша берген өзүңдүн чексиз айланууларыңды токтотуп, өзүңдүн апаңа чал, сүйлөш, ал-акыбалын сура, өзүңдүн иштериң жөнүндө айт анан ишиңди уланта бер. Болбосо өз адамың менен сүйлөшүү каалооң сени өмүр бою жүрөгүңдү өйүйт, бирок бул мүмкүн эмес болот, себеби жашоо түбөлүк эмес...

Сүйүктүү жана урматтуу биздин апаларыбыз! Сизди Энелер Күнү майрамы менен куттуктайбыз!

Сиздерге чын ден соолук жана бакты-таалай, Сиздердин асылзат балдарыңыздардын Сиздерге көңүл бөлүүсүн, чексиз сүйүүсүн жана назиктигин каалайбыз! Күн ар дайым жана ар качан Сиздин жыргалдуу жолуңузду жарык, өчпөс жарык, кайрымдуулук, сүйүү жана бейпилдик жарыгы менен нурдандырсын!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жамааты