Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Маалымат берүүчү бардык жактарга

06-05-2015

ФЧМКнын 2015-жылдын 6-майындагы № 34/Ө буйругуна ылайык, ФЧМКнын 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 30/Ө «Тизмектерди, маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди. Ушуга байланыштуу, маалымат берүүчү жактар:

1) ФЧМКнын расмий сайтынын (www.fiu.gov.kg) жабык бөлүгүнөн АРМдин кардардык бөлүгүн жүктөп алып, аны 2015-жылдын 29-майына чейин өздөрүнүн маалыматтык тутумдарына орнотуулары керек;

2) 2015-жылдын 1-июнунан баштап акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү берүү үчүн АРМдин кардардык бөлүгүн жана коддордун жаңы маалымдамаларын колдонуулары керек;

3) 3 айдын ичинде өздөрүнүн кардарынын жана бенефициардык менчик ээсинин (пайда табуучунун), ал эми бир жыл ичинде - учурдагы кардарлардын анкеталарынын формаларын ушул буйруктун 20 жана 21-тиркемелерине ылайык келтиришсин.