Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык жеке жана юридикалык жактарга

17-04-2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) расмий сайтындагы «Мыйзамдар» бөлүмүнүн «ФЧМКнын буйруктары» бөлүмчөсүндө ФЧМКнын 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 30/Ө «Тизмектерди, маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү тууралуу» буйругу жана ушул буйрукка тиркемелер жайгаштырылган.

Жогоруда аталган ФЧМКнын буйругун кабыл алууга байланыштуу, ФЧМКнын бир катар буйруктары күчүн жоготту деп таанылды, анын ичинде ФЧМКнын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 83/Ө буйругу да.

Маалымат берүүчү жактар ФЧМКнын 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 30/Ө буйругун жана анын тиркемелерин жүктөп алышып, Кыргыз Республикасынын «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомун ишке ашыруу боюнча иште колдонуулары керек.