Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Букмекердик контораларга жана тотализаторлорго

14-04-2015

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 25-февралында кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө», «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзамдын негизги максаты кумар оюн ишине, ошондой эле кумар оюн ишин уюштуруу жана кумар оюн жайларын (букмекердик контораларды жана компанияларды, тотализаторлорду) кармоого тыюу салуу болуп саналат. Мыйзам аркылуу кумар оюндары менен алектенген, баарынан мурун кыргызстандыктардын жаш муундагы адамдарынын адеп-ахлагына жана психикалык абалына терс таасирин тийгизүүчү шарттарды түзүү үчүн негиз жоюлат.

Мыйзам финансылык укук бузуулардын санын кыскартууга, республикадагы кылмыштын өсүү жагдайы төмөндөтүүгө, жашы жетиле элек жарандардын жана калктын социалдык жактан корголбогон катмарынын кумар оюндарына катышуусун туудурган социалдык проблемаларды болтурбоого багытталган. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты http://www.president.kg/.

2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 «Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ачып кароо.

Ушуга байланыштуу, букмекердик контора жана тотализатор сыяктуу кумар оюн жайлары «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалымат берүүчү жактар болуп эсептелинбейт.