Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары эки мыйзам долбоорун кабыл алышкан жок

20-03-2015

2015-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 868 токтому менен демилгеленген жана ФАТФтын сунуштамаларын аткарууга багытталган эки мыйзам долбоорун кабыл алышкан жок. (ФАТФ – акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу топ).

Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» (КА/ТКК) мыйзам долбоору кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чараларын күчөтүүгө багытталган. Мыйзамдын ченемдери жана жоболору КА/ТКК чөйрөсүндө жана ФАТФтын сунуштамаларын аткарууда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин толук ишке ашыруу алкагында берилген.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларынын ченемдерин финансы чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүүнүн мыйзам негизине дал келтирүү максатында КА/ТЭКК чөйрөсүндө базалык Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган. КР ЖКнын экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети КР ЖКга ушул мыйзам долбоорун кабыл албоону сунуштаган.

Парламенттин депутаттарынын бул чечими ФАТФтын сунуштамаларын жана БУУнун бир топ жоболорун, анын ичинде коррупцияга каршы БУУнун конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын өз мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет.

Кыргыз Республикасы ФАТФтын «боз тизмесинде» көпкө чейин болду жана андан республикадагы жана өлкөнүн мыйзам чыгаруу органында КА/ТКК тутумундагы стратегиялык кемчиликтерди жоюу боюнча оң тенденциянын бекемделишинин (ошол убакта көрүнгөндөй) аркасында чыгарылды. Эл аралык уюмдар, финансы чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы аракеттенүү глобалдык процесси боюнча өнөктөр Кыргыз Республикасында КА/ТККнын улуттук тутумун өнүктүрүү жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо менен күрөшүү чараларын күчөтүү процесстери чынында эле кайталанбас мүнөзгө ээ болгондугуна ишеништи.

КР ЖКнын депутаттарынын жогоруда аталган чечими бир саатта биздин өнүгүүбүздүн оң тенденциялары жөнүндө эл аралык бирикменин бардык түшүнүгүн татаалдантат, чет өлкөлүк өнөктөрдү финансы жана банк чөйрөсүндө эл аралык уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүүгө, бүт дүйнө жүзү менен бирдей терроризмге жана экстремизмге каршы турууга болгон биздин каалообуздун ак ниеттүүлүгүнөн шектентүүгө алып келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы КА/ТКК чөйрөсүндө эл аралык бирикменин алдында Кыргыз Республикасынын өз мойнуна алган милдеттенмелерин жактагандыгын ырастоо жана ЕАГ, ФАТФ жана БУУнун санкциялык тизмелерине өлкөнүн кайра түшүп калуусун болтурбоо максатында жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун кабыл албоо жөнүндө кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу тууралуу өтүнүч менен КР ЖКнын депутаттарына кайрылууга ниеттенүүдө.

ФЧМКнын басма сөз кызматы