Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү

19-02-2015

2015-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындар сүйрү залында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А. Маматалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Күн тартибине ылайык төмөндөгү маселелер каралды:

1) 2014-жылдын октябрь жана ноябрында өткөрүлгөн ФАТФ менен ЕАГдын Пленардык жыйындарынын жыйынтыктары боюнча маалымат жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасындагы кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) тобокелдиктерин баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчёт;

3) 2015-жылы Кыргыз Республикасында терроризмди каржылоонун тобокелдиктерин баалоону өткөрүү жөнүндө;

4) Терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарды сактоо маселелери боюнча маалымат берүүчү жактарга текшерүү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөө (контролдоо) органдарынын маалыматтары жөнүндө;

5) Даярдалып жана өткөрүлүп берилген жалпыланган материалдар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маалыматы жөнүндө;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы өткөрүп берген жалпыланган материалдарын карап чыгуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын маалыматтары жөнүндө;

7) 2015-жылга Комиссиянын иш аракеттер планын бекитүү тууралуу.

Комиссиянын жыйынына Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Финансы министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Башкы прокуратуранын, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин жетекчилери катышты.

Күн тартибинин маселелерин карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча, Комиссия тарабынан Комиссиянын курамына кирген, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары аткаруу үчүн аткарууга милдеттүү болгон тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын пресс-релизи менен таанышуу