Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Профессионалдык кызматташуунун мейкиндиги кеңейүүдө

04-02-2015

2015-жылдын 27-январында Берлин шаарында (Германия) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркия Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кылмыштарды тергөө боюнча кызматынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу» макулдашууга кол коюлду.

2015-жылдын 28-январында ушул эле жерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Россия Федерациясынын финансылык мониторингдөө боюнча федералдык кызматынын ортосундагы «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө» макулдашууга кол коюлду.

Кол коюлган документтер финансы чөйрөсүндөгү кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында ФЧБнын профессионалдык өз ара аракеттенүүсүнүн ар тараптуулугун божомолдойт, анын ичинде кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташууну божомолдойт.

Ушул Макулдашууларга кол коюу 2015-жылдын 24- 30-январында Берлиндеги «Эгмонт» тобунун сессиялар аралык жыйынынын ишине ФЧМКнын төрагасы М.Т. Мамбетжанов башында турган делегациянын катышуусунун алкагында болду.

ФЧМКнын басма сөз кызматы