ФЧМКнын 2020-жылдын 30-майындагы № 27/ө буйругуна ылайык ФЧМКнын 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 26/ө буйругу менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүү киргизилди.
Жогоруда көрсөтүлгөн буйрукка ылайык Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегинин 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалды:
15. | Иран Ислам Республикасы | Islamic Republic of Iran | ФАТФдын тизмеси | № 1 |
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жаңыланган тизмеги, PDF жана Excel электрондук форматтарында ушул сайттын “Тизмектер” бөлүмүнүн “Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги” бөлүмчөсүндө жайгаштырылды.