Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгын белгиледи

08-09-2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгын белгиледи

8 – сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында (мындан ары-ФЧМК) Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органы түзүлгөн күнүнүн 15 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык офисинин жана ФЧМКнын кызматкерлери катышты.

Финансылык чалгындоо органынын негизги милдети болуп:

  • шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жана мыйзамга ылайык берилүүчү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу башка маалыматтарды топтоо (алуу) жана сактоо;
  • шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жана операциялар (бүтүмдөр) тууралуу, ошондой эле, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды аныктоо үчүн колдо болгон жана жеткиликтүү башка маалыматтарды ыкчам талдоону жүргүзүү;
  • колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга Стратегиялык талдоо жүргүзүү, анын ичинде террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан тенденцияларды жана схемаларды аныктоо үчүн мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтар;
  • жалпыланган материалды же маалыматты оперативдүү же стратегиялык талдоонун жыйынтыктары боюнча даярдоо жана аларды өз демилгеси боюнча же тийиштүү мамлекеттик органдарга суроо-талап боюнча, алардын компетенцияларынын алкагындагы суроо боюнча жиберүү;
  • операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу боюнча максаттуу финансылык санкцияларды жана чараларды белгиленген тартипте колдонуу;
  • террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;

ФЧМКга күн сайын операциялар (бүтүмдөр) тууралуу 1500 гө жакын билдирүү келип түшөт, алар террористтик жана экстремисттик ишти каржылоонун, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырунун (адалдоонун) белгилерин табуу максатында талдоого алынат;

Акыркы 2 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтүлүүчү ФЧМКнын жалпыланган материалдарынын саны 2 эсеге көбөйдү, ал эми бюджетке өндүрүлгөн каражаттардын суммасы бир нече жолу (2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 258 837 925 сомду түздү)

Мындай натыйжалар, эл аралык кызматташуунун жардамы менен да жетишилгенин белгилеп кетүү керек. Азыркы учурда 31 мамлекеттин финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен маалымат алмашуу тууралуу ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле, ФКМКнын Эгмонт Финансылык Чалгындоо Бирлигинин мүчөлүгүнө кириши ФЧМКга дүйнө жүзү боюнча 200гө жакын юрисдикциялардагы финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен шектүү операциялар (бүтүмдөр) боюнча ыкчам маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, ФЧМК Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топто (ЕАТ) жана Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын Кеңешинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын чагылдырат жана коргойт.

Расмий иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин куттуктоо сөзүн окуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ФЧМКнын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле, ФЧМКнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ФЧМКнын ведомстволук сыйлыктары менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органы менен кызматташуусу үчүн, БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Селезнев А.М. - жана Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Амандыков М.Л. “Финансылык чалгындоо органы менен кызматташтыгы үчүн” - медалы менен сыйланды.

Кыргыз-Орус Славян Университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин өкүлдөрү ФЧМКнын кызматкерлерин ФЧМКнын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктап, ФЧМКнын жана ФЧМКнын Окуу-методикалык борборунун жетекчилигине ыраазычылык каттарын тапшырышып, ФЧМК менен илимий коомчулуктун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча алгылыктуу кадамдарды белгилешти.