Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоо жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу

04-05-2023

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоо жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже административдик кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:

1. административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

1) «гуманитардык илимдер» тармагында эл аралык мамилелер багыты боюнча жогорку билим;

- англис тили боюнча кошумча билим;

2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

4) компьютердик жана оргтехникага, зарыл программалык продуктылар менен иштей билүүсү:

- тексттик, графикалык жана электрондук таблица редакторлору менен иштей билүү; файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү); тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;

- электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү, издөө системаларын колдонуу жана ар кандай браузерлер менен иштөө жөндөмдүүлүгү;

- оргтехника (принтер, сканер, факс) менен иштей билүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдик-укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын колдонуу, веб-конференцияларды уюштуруунун тиркемелерин колдонуу жөндөмдүүлүгү;

- презентацияларды уюштуруу, маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү билими жана көндүмдөрү.

5) төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколунун, дипломатиялык этикеттин негиздерин;

- ФАТФ, ЕАГ, Эгмонт Групп, БУУнун КТК, КМШ, ЕАЭБ, ЭВФ ун ишмердүүлүгүн;

- англис тилин (С1 деңгээли).

Көндүмдөр:

- маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

- кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- жаңы эмгек шарттарына көнүү;

- англис тилинде иштиктүү кат алышуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

- командалык иш;

- жогору турган жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

Билгичтиги:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

- башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

- эл аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;

- протоколдук иш-чараларды жана презентацияларды уюштуруу;

- долбоордук өтүнмөлөрдү, эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу.

2. администрациялык кызмат орундарынын кенже тобуна:

1) «гуманитардык илимдер» тармагында эл аралык мамилелер багыты боюнча жогорку билим;

- англис тили боюнча кошумча билим;

2) иш стажына талаптар коюлбайт;

3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

4) компьютердик жана оргтехникага, зарыл программалык продуктыларында иштей билүүсү:

- тексттик, графикалык жана электрондук таблица редакторлору менен иштей билүү; файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү); тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;

- электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү, издөө системаларын колдонуу жана ар кандай браузерлер менен иштөө жөндөмдүүлүгү;

- оргтехника (принтер, сканер, факс) менен иштей билүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын колдоно билүү, веб-конференцияларды уюштуруунун тиркемелерин колдоно билүү;

- презентацияларды уюштуруу, маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү билими жана көндүмдөрү.

5) төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколунун, дипломатиялык этикеттин негиздерин;

- ФАТФ, ЕАГ, Эгмонт Групп, БУУнун КТК, КМШ, ЕАЭБ, ЭВФтин ишмердүүлүгүн;

- англис тилин (В 2 деңгээли).

Көндүмдөр:

- жогору турган жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;

- командалык иш;

- англис тилинде иштиктүү кат алышуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

- маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- жаңы эмгек шарттарына көнүү;

- эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

Билгичтиги:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

- башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

- эл аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;

- протоколдук иш-чараларды жана презентацияларды уюштуруу;

- долбоордук өтүнмөлөрдү, эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу.

Улук топтогу административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

Жалпы мыйзамдарды билүүсүнө:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

З) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүүсүнө:

1) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2) "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) "Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы No 255 "Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы No 606 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы No 143 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтому ;

Кенже топтогу административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

Жалпы мыйзамды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

1) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2) "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) "Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

5) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 "Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы No 606 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы No 143 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтому .

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

- жеке арыз;

- резюме (электрондук почта менен);

- өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

- паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 15-майы, саат 18:00гө чейин.

Көктөмөгө тиркелген документтер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында Бишкек ш., көч. Тоголок Молдо 21А дареги боюнча саат 9:00дөн 18:00гө чейин, иш күндөрү кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 32-55-26, 32-55-27, 32-55-28 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот