Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

09-09-2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыныздар - Финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) мамлекетти курууда чечүүчү мааниге ээ жана финансылык системанын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

Өткөн 19 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын ТИК/ККЛК улуттук системасын тургузууда, сиздер өзүнөргө таандык тарыхка, билимге, жеке өзгөчө нукуралуулукка ээ боло алдыңар. Ошондой эле Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобу (ЕАТ) жана КМШ мамлекеттеринин финансылык чалгындоо түзүмдөрүнүн жетекчилер кеңеши, Эгмонт тобу ж.б. эл аралык интеграциялык бирикмелерде өз ордуңарды таба алдыңыздар.

Негизинен Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлеринин кошкон салымынан жана берилүү менен кызмат кылуусунан улам биздин өлкө ФАТФтын 40 сунуштамасына ылайыктуулугу боюнча төмөн рейтингдерине ээ эмес, бул туурасында үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Бишкекте болуп өткөн ЕАТнун 40-Пленардык жыйынынын катышуучулары дагы белгиледи.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, ишке берилгендигиңиздер, максаттуу жана жигердүү ишиңиздер – улут аралык уюшкан кылмыштуулук тарабынан эл аралык туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч күчөгөн шартта, дүйнөлүк экономикалык системаны кайра куруудан келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин олуттуу өсүшү шартында өлкөбүздүн ийгиликтүү өнүгүшүнүн кепилдиги. Сиздерге ТИК/ККЛК улуттук системасын уюштурууда жаңы деңгээлге чыгып, ишиңиздерди улантуу абзел.

Келээрки жылы Кыргыз Республикасын өз ара баалоонун үчүнчү раунду башталат. Бул көптөгөн мамлекеттик органдар менен жеке сектордун биргелешкен аракеттерин бириктирүүнү талап кылган татаал жана жоопкерчиликтүү иш.

Ишиңиздер күтүлгөн жыйынтыктарды гана алып келсин, кесипкөйлүүлүгүңүздөр артып, эл алдында абийириңиздер таза болсун.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык жана өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы максаттарга болгон сапарыңыздарда жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайм!».

https://www.gov.kg/ky/post/s/24523-ministrler-kabi...