Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын төрагасы К.К.Асангулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы ЕАТнын 41-Пленардык жумалыгынын иш-чараларына катышты

02-12-2024

2025-ж. 25-ноябрынан баштап 29-ноябрына чейин Индаур ш. (Индия Республикасы) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун 41-Пленардык отуруму жана жумушчу топтордун отурумдары жана болуп өттү (мындан ары - ЕАТ), ага бардык мүчө мамлекеттердин, ФАТФтын жана ФАТФка окшош региондук топтордун катчылыгынын (МЕНАФАТФ, ЕСААМЛГ) өкүлдөрү, ошондой эле ЕАТнын төмөнкү байкоочулары жана чакырылган делегациялар катышты: Армения Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Америка Кошмо Штаттарынын, Жапониянын, КМШ ТКБнын, ЕАӨБтын, ЕЭКтын, КМШ Аткаруу комитетинин, ЭАВФнын, ЖӨБтын, КМШ ФЧБЖКнын, ШКУнын, Азербайжан Республикасынын, Непал Федеративдик Демократиялык Республикасынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Сауд Аравия Королдугунун жана Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын.

Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Пленардык жыйналыш тарабынан төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • ФАТФ жана АТГ менен биргеликте жүргүзүлгөн Индия Республикасынын өз ара баалоо жөнүндө отчету угулду жана бекитилди;
  • Тажикистан Республикасынын прогресси жөнүндө 6-отчету угулду жана бекитилди, 8 жана 38-сунуштар боюнча рейтингдер кайра каралды;
  • ЕАТнын мүчө мамлекеттеринин АА/ТК/МКСКТККА улуттук системаларын өз ара баалоонун үчүнчү раундун өткөрүү жана алардын прогрессине мониторинг жүргүзүү боюнча ЕАТнын процедурасына өзгөртүүлөр бекитилди;
  • Кыргыз Республикасынын капиталдарына мунапыс берүү программасы жөнүндө жана программаны кылмыштуу максаттарда пайдаланууга жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жаңыртылган маалымат угулду. Делегациялар жаңыланган анализди эске алууга макул болушту. Кыргыз Республикасы 42-Пленардык жыйында капиталга мунапыс берүү программасын ишке ашыруу боюнча отчет берет;
  • ЕАТга мүчө мамлекеттерде 2024-жылга карата АА/ТК жаңы тобокелдиктери боюнча ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарынын баяндамасы угулду;
  • 2025-жылы типологиялык долбоорлорду өткөрүү темалары бекитилди;
  • "Виртуалдык активдерди кылмыштуу максаттарда пайдалануу тобокелдиктерине мониторинг жүргүзүү" темасындагы долбоордун акыркы жыйынтыктары бекитилди;
  • ЕАТга мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн басма сөз кызматтары Ассоциациясынын 2025-2026-жылдарга Иш планы бекитилди;
  • Бириккен Араб Эмираттарына ЕАТнын байкоочусу статусу берилди;
  • Евразия регионунда АА/ТК аймактык тобокелдиктерин минималдаштыруу боюнча планды (жол картасын) аткаруунун учурдагы жыйынтыктары жөнүндө кезектеги маалымат угулду;
  • АА/ТК/МКСКТККА чөйрөсүндө Индия Республикасынын улуттук тажрыйбасы, ЕАТнын өз ара баалоонун үчүнчү раундуна даярдык көрүү боюнча Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын ишмердүүлүгүнүн кыскача баяндамасы жана АА/ТКК чөйрөсүндө илимий жана билим берүү потенциалын бекемдөө маселеси боюнча Өзбекстан Республикасынын алдыңкы тажрыйбасы угулду;
  • 41-Пленардык жуманын алкагында өткөрүлгөн ЕАТ/АТГнын финансылык сектордо инновациялар боюнча семинарынын, ошондой эле юридикалык жактардын жана түзүлүштөрдүн АА/ТК тобокелдиктерин баалоо боюнча семинарынын жыйынтыктарына оң баа берилди;
  • АА/ТКК чөйрөсүндө компетенттүү органдардын мыкты өз ара аракеттенүүсүнө жыл сайын өткөрүлүүчү сынак өткөрүлдү. 11-конкурстун жеңүүчүсү Россия Федерациясы болду. Беларусь Республикасы жана Кытай Элдик Республикасы анын лауреаттары болушту;
  • ЕАТга мүчө мамлекеттердин финансы мекемелеринин комплаенс-адистеринин арасында АА/ТКК чөйрөсүндөгү мыкты финансылык анализге Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо өткөрүлдү. Конкурстун жеңүүчүсү "ATAIX Eurasia Ltd" криптобиржасы (Казакстан Республикасы) болуп, "Рысгал" АКБ (Түркмөнстан) жана "Тажикстан эл аралык банкы" (Тажикстан Республикасы) лауреаттары болушту. "Росбанк" ААК (Россия Федерациясы) көрүүчүлөр сыйлыгынын ээси болду;
  • финансылык коопсуздук боюнча эл аралык кыймылдын алкагындагы иш-чаралардын ишке ашырылышы жана финансылык коопсуздук боюнча төртүнчү эл аралык олимпиаданын жыйынтыктары тууралуу маалымат угулду;

Делегациянын башчысы К.К.Асангулов Кыргыз Республикасынын атынан ЕАТнын төрагасын, ЕАТнын Катчылыгынын кызматкерлерин, ошондой эле ЕАТга мүчө бардык мамлекеттерди жана байкоочуларды ЕАТнын түзүлгөн күнүнүн 20-жылдыгы менен куттуктады.

Индия Республикасына меймандостугу жана ЕАТнын жумушчу топторунун 41-Пленардык отурумун жана отурумдарын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Индия Республикасынын командасын ФАТФтын 40 сунуштамасын аткаруунун алкагында өз ара баалоо жөнүндө отчет ийгиликтүү өтүшү жана корголушу менен куттуктады, ошондой эле Тажикстан Республикасынын командасын прогресс жөнүндө отчет ийгиликтүү корголушу менен куттуктады.

Иш-чаранын аягында ЕАТнын 20-жылдыгына байланыштуу, ФЧМК менен кызматташтыгы үчүн ЕАТнын аткаруучу катчысы – С.А.Тетеруков жана ЕАТнын – Катчылыгынын КК/ТКК/ МКСКТККА боюнча улук кеңешчиси Н. Б.Жампейис ФЧМКнын медалы менен сыйланды. ЕАТнын Катчылыгынын АА/ТК/МКСКТКА боюнча кеңешчиси С.А.Расулов ФЧМКнын Ардак грамотасы менен сыйланды.

ЕАТнын кийинки 42-Пленардык отуруму жана жумушчу топтордун отурумдары Москва шаарында (Россия Федерациясы), 2025-ж. 26-30- майында өтөт.