Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

2024-жылы 26–ноябрына Индаур шаарында (Индия Республикасы) Кыргызстандын делегациясы КМШга катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо түзүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин (мындан ары-Кеңеш/ ФЧТЖК) 29-жыйынына катышты.

02-12-2024

Иш–чарага Кеңештин катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо башчылары жана эксперттери катышты: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана тармактык кызматташтык органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү темалар каралды:

  • 2024-жылы жумушчу топтордун ишинин жыйынтыктары жөнүндө;
  • Улут аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иш тажрыйба жөнүндө;
  • "Төлөм реквизиттери мыйзамсыз максаттарда пайдаланылуучу жактарды текшерүү” жана "КМШнын мейкиндигинде финансылык пирамидалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү" долбоорлорунун үстүндө иштин жүрүшү тууралуу;
  • КМШга катышкан мамлекеттердин Кеңеште жана ФЧТЖК караштуу байкоочулардагы өкүлчүлүгүн кеңейтүү максаттарындагы чаралар жөнүндө;
  • 2024-жылдагы Кеңештин ишинин жыйынтыктары жөнүндө;
  • Жаштар кыймылынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө;
  • ЕАТ менен ФЧТЖКнын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө;
  • АА/ТКК улуттук системаларынын натыйжалуулугун өз ара баалоонун жаңы раундуна даярдоону эске алуу менен ФЧТнын тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу жөнүндө;
  • ФЧТЖКнын кезектеги жыйыны жөнүндө.

Кеңештин жыйынында эл аралык тобокелдиктерди баалоо борборун өнүктүрүү маселелери, ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтыктын айрым жагдайлары талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы К.К.Асангулов ФЧТЖКнын жумушчу топторунун ишине баа берди жана алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизди, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө финансылык чалгындоо бөлүмдөрүндө пайда болгон кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору жөнүндө бөлүштү. Ошону менен бирге, 2025-жылга ФЧТЖКнын жана жумушчу топтордун иш пландарын ишке ашыруунун артыкчылыгы боюнча сунуштар киргизилди.